Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Түштүк эпидемиялык кыйроо алдында экендиги жалган


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирип, www.centrasia.ru интернет булагынын Ош менен Жалал-Абад облустары эпидемиялык кыйроо алдында экени тууралуу маалыматын четке какты.

www.centrasia.ru интернет булагы Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме кылып, акыркы күндөрү эле Жалал-Абад облусунда 38 адамдан жугуштуу сибирь жарасы оорусу табылганын, ал эми Ош шаарындагы инфекциялык ооруканасында сибирь жарасын жуктуруп алган 23 адам жатканын жазып чыккан. Андан тышкары аталган маалымат булагы дагы да болсо ар кай жерлерден чала көмүлгөн денелер чыгып атканы, чирип бараткан денелер ичүүчү сууга жакын көмүлгөн учурлар бар экенин, бул өз кезегинде көптөгөн жугуштуу оорулардын козголушуна алып келип атканын билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматтар туура эместигин, аймактагы эпидемиологиялык кырдаал тиешелүү органдардын көзөмөлүндө экенин билдирет. Министрликтин маалыматы боюнча, Ош жана Жалал-Абад облустарында ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны бир аз өсүш көрсөтүп, ооруканага түшкөндөрдүн баары дарыланды. Ал эми Жалал-Абад облусунда жалпы жети адам сибирь жарасына кабылып, алардын баары учурда айыгып чыгышты. Учурда Ош жана Жалал-Абад облустарында сибирь жарасы менен ооруканада жаткан адам жок. (IJz)

XS
SM
MD
LG