Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Ооганстанда америкалык дарыгердин сөөгү табылды


Ооган өкмөтү эл аралык өкүлдөр менен бирдикте өлкөнүн түндүгүндө жоголгон чет элдик дарыгерлерди иликтөөдө. Жоголгон он кишинин сегизи чет элдик кызматкерлер болсо экөө жергиликтүү кортормочулар. Булар талиптердин огунан көз жумганы кабарланууда. Он кишинин ичинде 30 жылга чукул Ооганстанда жашаган дарыгер, америкалык жаран Том Литтл набыт болгону аныкталды. Андан башка дагы төрт америкалык, бир британ, бир немец жарандарынын октон набыт болгон сөөктөрү түндүк Бадахшан провинциясында табылды. Алардын үчөө аял экени айтылууда.

Куралсыз жүргөн чет элдик дарыгерлер тобу Туристан провинциясында жардам көрсөтүп келаткан жолдо окко учту. Алар кирген “Эл аралык көмөк миссиясы” деген аталыштагы бейөкмөт христиан саламаттык жана экономикалык өнүгүү уюму Ооганстанда өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери ишмердүүлүк кылган.

Талиптердин маалымат катчысы Забиулла Мужахид маалымат каражаттарына чет элдиктер «Американын кызыкчылыгында тыңчылык кылып, христиан динин таркатып жүрүшкөндүгү үчүн өлтүрүлгөнүн” маалымдады.
“Эл аралык көмөк миссиясы” болсо муну четке кагып, уюмдун ыктыярчылары Ооганстанда дин тууралуу кеп кылышпагандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG