Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Кытайда жер көчкүдөн бери дегенде 80 киши өлдү


Кытайдын түндүк батыш тарабындагы Тибет аймагында катуу жааган жаандан жер көчкү жүрүп бери дегенде 80 киши набыт болгонун мамлекеттик маалымат каражаттары айтууда. Синхуа агенттиги жер көчкү Гансу провинциясындагы Тибет автономиялык префектурасында жүргөндүгүн маалымдады. Бүгүн Кытайдын премьер министри Вэн Цзябао кырсык болгон аймакка барды. Кырсыктын айынан бери дегенде сексен киши набыт болсо дагы эми миңге чукул адам дайынсыз экендиги маалымдалууда. Аскер күчтөрү жер көчкү жүргөн жерден жапа чеккендерди алып чыгууга тартылды. Жергиликтүү маалыматтарга таянсак, ушул жыл ичинде Кытайда суу ташкынынын кесепетинен миңден ашуун киши өлүп, жүздөгөн адамдар дайынсыз.

XS
SM
MD
LG