Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Алтайдан Ала-Тоону көздөй ат жүрүшү болот


Кечээ “Алтай – Ала-Тоо Манастын жолу менен” аттуу жүрүшкө катышуу үчүн ат жүрүшү тобу Бишкектен Алтайды көздөй унаалар менен жөнөп кетишти. Бишкектеги "Дасмия" эс алуу борборунда аларды узатуу аземи өткөрүлдү. Узатуу аземинде президенттин атынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы К.Дүйшөбаев жүрүшкө чыгып аткандарды куттуктады.

Жүрүштүн максаты - кырк уруу кыргыз элин бириктирүү, ынтымагына данакер болуу делет. Алтайдан Ала-Тоону көздөй ат жүрүшкө Кыргызстандагы кырк уруудан бирден өкүл иргелип тандалып алынап, Алтайга ырасмий жөнөтүлдү. Аларды алтайлык Акай Кине ал жактан тосуп алмакчы. А.Кине унаалар менен бараткан кыргыздар үчүн кырк жылкы даярдап, камылга көрүүдө. Кыргызстандан барган кырк жигит жана аларды коштогон тарыхчы, илимпоз, маданий ишмерлер Алтайдан Кыргызстанды көздөй А.Кине даярдаган аттар менен жүрүшкө чыгышмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG