Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Селге кабылган Пакистан миллиарддаган долларга муктаж


Бул тууралуу БУУнун атайын чабарманы Жан Моррис Рипер билдирди. Анын айтымында, өз тарыхындагы эң оор селге кабылган Пакистан азыркы чукул абалдан чыгуу үчүн жүз миллиондогон, ал эми анын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштери үчүн миллиарддаган долларга муктаж. Каражаттын көп бөлүгү Хайбер Пахтунква, Синд жана Пенжаб провинцияларын калыбына келтирүү үчүн зарыл. Расмий эсептерге караганда, суу ташкындан бери дегенде 1600дөй кишинин өмүрү кыйылды. 14 миллиондой адам ар кандай деңгээлде жабыр тартты. Метеорологдордун болжолунда селди алып келген жаан-чачын алдыдагы күндөрү да уланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG