Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Нагасаки атомдук бомба ташталганынын 65 жылдыгын белгилөөдө


АКШ Нагасакиге атомдук бомбасын 1945-жылдын 9-августунда жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 11ден 2 мүнөт өткөндө таштаган. Андан шаарда 80 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. Нагасакиден үч күн алдыда атомдук бомба Хиросимага ташталган эле. Бул жерде дароо же бир ай ичинде көз жумгандар саны 140 миңге жеткен. Жапониянын Нагасакиге бомба ташталгандан бир жумага жетпеген убакыт ичинде багынуусу Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына алып келген. Өткөн аптада Хиросимада болгон эскерүү иш-чараларына АКШ алгачкы жолу расмий делегациясын жөнөттү.

XS
SM
MD
LG