Мохаммад Мостафази бул өлкөдөн башпаанек суроодо. Өткөн айдын соңунда Иран бийликтерине сурак берген соң жоголуп кеткен адвокат Норвегияга Түркия аркылуу качып келген. Ал жекшемби күнү Ослодогу пресс-конференция учурунда буларды билдирди:
-Акыркы жылдары мен он сегиз адамдын өмүрүн сактап калдым. Жубайынын көзүнө чөп салган деп айыпталган 13 адамды коргодум, алардын онун таш бараңга алынуудан сактадым. Алар (иран бийликтери) мени кармай албай калышканда, күйөө балам менен жубайымды камакка алышты жана азыр аларды барымтада кармоодо. Өлкөдөн чыгып кетишимдин себеби соттордун чечими адилетсиздигин, алардын жеке пикирине гана негизделгенин көргөзүү. Бир конкреттүү иштин эл аралык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурдурушу иран өкмөтүнүн кыжырдануусун жаратты.
Адвокат Мостафазинин соңку кардарларынын бири Сакинэ Мохаммади Аштиани ысымдуу келин эле. Ал жубайынын көзүнө чөп салды деген айып менен өлүм жазасына кесилген. Өкүм таш бараңга алуу жолу менен ишке ашырылмак. Адвокатынын аракетинен улам бул иш эл аралык басма сөздүн, Батыш өлкөлөрүнүн, адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын көңүлүн бурдурду. Алар Ирандын бийликтерин өкүмдү кайра кароого чакырууда.
1979-жылкы Ислам революциясынан кийин киргизилген шарият мыйзамына ылайык, адам өлтүргөндөр, жубайынын көзүнө чөп салгандар, зордуктоого, куралдуу кол салууга, баңги соодасы менен алектенгендер өлүм жазасына тартылат.
Адвокат Мостафази Ослодогу маалымат жыйынында учурунда азыр жубайы абактан чыккандыгын, жубайы жана кичүү кызы акыр аягында Норвегияга жете алат деп күтүп жатканын кошумчалады.