Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:21

Ош шаарында көп кабаттуу 10 үй курулат


Мындан сырткары Жалал-Абад шаарына 6, Базар-Коргон районуна көп кабатуу 2 үй куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын эксперти Абдырасул Акматов билдирди. Анын айтымында, ушул тапта муниципалдык көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери Ош шаарынын Манас-Ата жаңы конушунда жүрүүдө. Шаардык мэриянын чечими менен ал 76 батирден туруп, коогалаңда жабыр тарткан бюджеттик кызматтарда иштеген адамдарга берилет. Калган үй куруу пландалган жерлердин сейсмикалык абалы иликтенүүдө. Мындан сырткары 540 орундуу мектеп, 64 батирлүү үй куруу пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG