Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

М.Турдукулов: Быйыл азык-түлүк тартыштыгы болбойт


Бул тууралуу Айыл чарба министри Маматшарип Турдукулов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылы кант кызылчасын эгүү 3,5 миңден ашуун, пахта эгүү 10 миңге чукул, тоют өсүмдүктөрүн эгүү 6 миң гектарга көбөйдү. Ал эми май өсүмдүктөрүн эгүү 11 миң гектарга, картошканы отургузуу 3, жашылчаны эгүү 1,5 гектарга азайды. Ушул тапта дан эгиндеринин 55 пайызы орулуп жыйналып алынды. “Айыл чарба министрлиги отчеттук мезгилдин аралыгында экономиканын агрардык секторун өнүктүрүү, өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүүдө”, - дейт М.Турдукулов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG