Бүгүн немец бийлиги Гамбургдагы Тайба мечитин жапты. Мурда Ал Кудс деген аталыштагы бул мечитти Ал Каида уюму АКШга кол салган 11-сентябрдагы окуяга даярдык көрүүгө пайдаланган деген негиз бар. Германиялык Фокус жумалыгы бул жайдын жабылышына өлкөнүн жашыруун кызматынын мечит кайрадан шаардагы «жихадга тарткан жайга айланып баратат» деген маалыматы себеп болгондугун жазат. Тайба тобуна кирген жана бул мечитке келип жүргөндөрдүн айрымдары Өзбекстандагы радикалдык топторду даярдаган лагерге кошулгандыгын дагы жашыруун кызматтар билдирген.