184 тонна шыйпыр жана 60 тонна самын түрүндөгү жардам Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинине берилди. Казакстандын өкүлү Алимуса Жакановдун айтымында, мындан сырткары дагы 900 тонна арматура, 3200 метрден ашуун тактай жана эки жүз тонна шыйпыр жеткирүү пландаштырылууда. Гуманитардык жардам катары берилип жаткан курулуш материалдары Орусиядан чыгарылган, сапаты жогору материалдар. Мындан сырткары 140 миң тоннага чукул көмүр жөнөтүү маселеси караштырылууда. Бул тууралуу президеттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)