Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:25

Нарын шаарынын борбордук көчөсүн оңдоо иштери башталды


Бул жөнүндө Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасынын директору Мажин Токонов билдирди.Учурда "64" аталган райондон баштап бир чакырым 300 метр жолдун асфальтын сыйруу иштери жүрүүдө, бирок республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 млн сом которула элек. Ошого байланыштуу жолду оңдоо иштери бир жумага чукул кечиктирилди. Убакыттын тардыгына байланыштуу жол оңдоп жаткан «ЭЭМ Интер сервис ишканасы» азырынча өз каражаттарына оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Жол тегизделип бүткөн соң төрт чакырым 300 метр жолго калыңдыгы сегиз см асфаль төшөлөт. Нарын шаарынын жолу акыркы 20 жылдан бери каралбагандыктан жыртылып бүткөн эле. (JI)

XS
SM
MD
LG