Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Шайлоо кодексине киргизилген соңку өзгөртүүлөр алынып салынды


Бүгүн кол коюлган декретке ылайык, Шайлоо Кодексиндеги кошумча тизме менен добуш берүү нормасы алынып салынды. Эми шайлоочулар өзүнүн иш жүзүндө жашап жаткан жеринен добуш бербей, каттоодо турган жеринде, мурдатан түзүлгөн шайлоочулар тизмесинин негизинде гана бере алышат. Мындан сырткары, шайлоо фондунун жогорку чеги 100 млн сомду түзүүсү керек.

Мурда 1-июлда киргизилген өзгөрүүлөрдө шайлоочулар кошумча тизме менен добуш бере ала тургандыгы жана саясий партиялардын каржылык фондунун суммасы эки эсе кыскарган эле. Президенттин администрациясынын маалымат борборунун жетекчиси Ф.Ниязовдун айтымында, бул өзгөртүүлөргө жарандык коомдун өкүлдөрү жана айрым саясий партиялар каршы чыгышкан. БШК төрагасы Акылбек Сариев да Шайлоо Кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамсыз деп айткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG