Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Орусияда буудай быйыл мурда болжолдонгондон аз жыйналат


Премьер- министр Владимир Путин өкмөттүн кечээги жыйынында түшүмдүн көлөмүн 60 миллион тонна деп атады. Мурда ал бери дегенде 65 миллион тонна деп болжолдонуп жаткан. Дүйнөнүн үчүнчү ири буудай өндүрүүчүсү катары эсептелген Орусия быйылкы кургакчылыктан жана аны коштогон өрттөрдөн улам 10 миллион гектар жердин түшүмүнөн айрылды. Өткөн аптада жарыялангандай, 15 - августтан жыл соңуна чейин Орусия буудай экспорттого тыюу салат. Мындай кадам, орус өкмөтүнүн түшүндүрмөсүнө караганда, ички базарда баа көтөрүлүп кетпеши үчүн жасалууда. Бул аралыкта Дүйнөлүк банк дүйнө өлкөлөрүн Орусияны туурап, буудай экспортун чектебөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG