Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Түштүктөгү коогалаңда жабыркагандардын экөө оор абалда


Бул тууралуу cаламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов 9-августта “Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюмунун жана БУУнун саламаттыкты сактоо тармагы боюнча өкүлдөрү менен жолугушкан учурда кабарлады. Жолугушууда Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кандуу кагылыштан жабыркагандарга жардам берүү маселеси талкууланды. С.Абдыкаримов жаңжал орун алган аймактардагы ооруканалардын жанындагы аскерий өткөрмөлөр алынып салынганын, учурда жабыркагандардын бешөө дарыланып жатканын, алардын экөө оор абалда экенин маалымдады. Министр кыйын кырдаалда колун сунган бардык уюмдарга ыраазычылык билдирип, аларды маалымат алууда башка булактардан эмес, министрлик менен түз жана тыгыз кызматташууга чакырды.
Өз кезегинде “Чек арасыз дарыгерлерди” жетектеп келген Александр Байлат аталган уюм Саламаттыкты сактоо министрлиги менен мындан ары да кызматташуу ниетинде экенин билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG