Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:29

Кумар оюндары ойнотулуучу жайларды жабуу маселеси көтөрүлүүдө


“Сезим” кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова башында турган топ бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, аларга кумар оюндарынын айынан турак жайынан ажырап, карызга батып, жакындарынан тирүүлөй айрылган адамдар көп кайрылып жаткандыгын белгилешти. Маалыматка ылайык, аталган борбор кумар оюндары ойнотулуучу жайларды жабуу боюнча кайрылуусун президент Роза Отунбаевага, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго, шаардык кеңештин депуттарына жолдоду. Б.Рыскулова адамдардын психикалык саламаттыгына түздөн-түз таасир этүүчү кумар оюндары ойнотулуучу жайлар Бишкек шаарында эле эмес, республиканын бүткүл аймактарында жайылтылып, күнү-түнү иштеп, балдарды тартып жатканын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG