Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Ажылыкты уюштуруу дин иштери боюнча мамагенттикке тапшырылды


Аталган агенттиктин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, буга байланыштуу токтом Кыргыз өкмөтү тарабынан 9-августта кабыл алынган. Мындан сырткары ажылыкка даярдануу жана уюштуруу боюнча ведемстволор аралык комиссия түзүлөт. Курамына мамлекеттик органдардын жетекчисинин орун басарлары жана мусулмандардын диний башкармалыгынан өкүлдөр кирген комиссияны биринчи премьер-министр Амангелди Муралиев жетектейт. Ушул тапта аталган агенттик керек болгон документтерди чогултуп баштады. Алар жогоруда айтылган комиссиянын кароосуна коюлат. Өткөн жылы ажылык иштерин диний башкармалык уюштурган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG