Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Варшавада жыгач крестти башка жакка жылдырууну талап кылышууда


Польшада миңдеген адамдар жыгач крестти президенттик сарайдын алдынан жылдырууну талап кылышты. Дүйшөмбүнүн түнүндө чогулган миңдеген адам Варшавадагы президенттик сарайдын алдындагы жыгач крестти жылдырууну талап кылып, өлкө дүняби болуп саналарын эскертишти. «Кресттин орду мамлекеттик имараттын алдында эмес чиркөөдө», деп айтты чогулгандардын бири. Жыгач крест Польшанын мурдагы президенти Лех Качински Орусияда авиакырсыктан көз жумгандан кийин президенттик сарайдын бет маңдайына орнотулуп, аза күткөндөр үчүн атайын жай сыяктуу болуп калган. Польшада католик чиркөөсү мамлекеттен ажыратылганы менен кандайдыр бир деңгээлде саясатка таасири күч.

XS
SM
MD
LG