Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

УКМК: 9-августка пландаштырылган массалык башаламандык ишке ашпай калды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, апрель окуясынын курмандыктарын эскерүү реквиемин өткөрүү шылтоосу менен Бишкектеги эски аянтка беш миңден ашуун кишинин катышуусунда массалык башаламандыкты жүргүзүү пландаштырылган:

“Бул иш чаранын демилгечилери болуп жүрүшкөн Сүйөркулов, Тынаев, Жайылов, Сааданбеков, Казымкулов кармалышкан. Буларга 40 жаштагы Төрөбай Колубаев жетекчилик кылып келген. Ага өз кезегинде ар кандай жаштардын жана коомдук уюмдар, саясатчылар колдоо көрсөтүп келишкен”, - деди Р.Быкын уулу.

Маалыматка ылайык, бул митингге катышуу үчүн алдын ала жаштар, ар кайсы коомдук уюмдун өкүлдөрүнө чакырыктар ташталып, баракчалар таратылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG