Гансу провинциясындагы масштабдуу жер көчкүдө сууга аккан, баткактын арасында калгандардын саны азырынча ушундай бааланууда. Катуу жааган жаан топуракты агызып, тоо-таштан аккан ылай суудан пайда болгон коюу баткак бери дегенде үч кыштакты каптады. Синхуа маалымат агенттиги премьер министр Вен Цзябао Коммунисттик партиянын лидерлери менен жаратылыш апаатын жөндөө тууралуу жолугушуу өткөргөндүгүн билдирди.