Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Коогалаңдын алдын алууда мамлекеттик органдар чабал иштөөдө


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Коопсуздук Кеңешинин май-июнь айында Ош жана Жалал-Абад облусундагы коогалаңдын кесепеттерин жана алдын алуу маселелерин талкуулаган жыйынында белгиленди. Жыйынга катышкан президент Роза Отунбаева Кыргызстан кыйын кырдаалды башынан кечирип жатканын белгилеп, өлкө стабилдүүлүгү жана коомдук тартип үчүн деструктивдүү күчтөрдүн аракеттерине туруштук берүүгө туура келип жатканын айтты.

Жыйында күч структураларынын жетекчилери коогалаңдын кесепеттери, алардын алдын алуудагы келтирилген кемчиликтер жана мындан ары андай окуяларды болтурбоо аракеттери боюнча чыгып сүйлөштү. Негизинен анда мамлекеттик органдардын коогалаңды болтурбай коюудагы алдын ала иштеринин чабалдыгы белгиленип, башаламандыкка, адам өлтүрүүгө, адамдарды барымтага алууга тиешеси бар адамдарды жоопко тартууда ыкчамдык жок болуп жатканы сынга алынды.

Мындан сырткары коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу, күч структурасынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө, аскер кызматкерлерин социалдык жактан колдоо боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле жаңы коркунучтарды алдын алуу, жалпы эле маалымат коопсуздугун камсыздоо маселеси да айтылды. Каралган маселелер боюнча чечимдер чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG