Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Оштун мэри улуттар арасына от жаккан саясатчыларды шаарга жолотпойт


Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов аймактагы коомдук телеканал аркылуу сүйлөп, алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган саясий уюмдардын лидерлерин ушинтип эскертти. Анын болжолунда үгүт жараяны мезгилинде айрым партиялардын лидерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү бири-бирин кемсинтип, жалган маалыматтарды таратып, жаманатты кылышы ыктымал. Мындай жагдай Оштогу кырдаалды да ого бетер курчутуп, улуттар аралык мамилени козутушу күтүлөт. Ошондуктан шаар комчулугу андай саясатчыларды калаага жолотпоону чечишти.

Бир катар саясий партиялар мэрдин мындай чектөөсү мыйзамсыз экенин белгилешип, борбордук бийликке Мелисбек Мырзакматовго карата чара көрүүнү суранып жатышат. (ATo)

XS
SM
MD
LG