Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Парламенттик шайлоо: суроолор жана жооптор


Роза Отунбаеванын өкмөтү алдында татаал милдет - тынч, акыйкат шайлоо өткөрүү милдети турат.
Роза Отунбаеванын өкмөтү алдында татаал милдет - тынч, акыйкат шайлоо өткөрүү милдети турат.

Келерки парламенттик шайлоо 10-октябрда өтө турган болду. Эмне себептен шайлоо эрте өтүп жатат? Ага кимдер катыша алат? Ушул өңдөңгөн шайлоо боюнча негизги суроолорго айрым жооптор.

СУРОО: Шайлоо эмне үчүн быйыл күздө өтүшү керек? Буга чейинки шайлоого үч жыл боло элек эмеспи?

ЖООП: Кыргызстанда акыркы шайлоо 2007-жылы декабрда өткөн. Үстүбүздөгү жылы жазында элдик козголоңдо Президент Бакеивдин бийлиги кулагандан кийин убактылуу өкмөт келип, июнь айында парламенттик системаны караган жаңы конституция референдумда жактырылды. Жаңы баш мыйзамдын кабыл алынышы жана мурдагы парламенттин таркатылышы жаңы парламенттик шайлоонун зарылдыгын жаратты.

СУРОО: Жаңы парламенттин структурасы өзгөрдүбү?

ЖООП:
Ооба, өздөрдү. Мурдагы парламентте 90 депутат бар эле, жаңысында 120 мандат болот. Бирок бир да партия орундардын 65тен ашыгын ала албайт. Мындай чектөө бир партиянын парламентти жалгыз бийлеп калышына жол бербөө үчүн киргизилген. Маанилүүсү, өлкөнү мурдагыдай президент эмес, премьер-министр башкарат, премьерди болсо парламент шайлайт.

СУРОО: Шайлоого канча партия катыша алат?

ЖООП: Шайлоого катышууга каттоодон өткөн бардык париялар укуктуу, алардын саны бүгүн 148ге жетти. Бирок алардын ичинен беш-алтоосу гана зарыл сандагы добуштарды чогулта алат болуш керек, демек партиялар ирилешип, коалицияларга биригүүгө мажбур.

СУРОО: Партиялар канчалык дараметтүү? Алардын платформалары кандай?

ЖООП: Партиялардын айрымдарынын гана 10 миңден ашык катталган мүчөлөрү бар, алардын саясий багыттары да бүдөмүк. Ошондуктан, шайлоочулар добуш бергенде саясий платформага эмес, биринчи кезекте партияны жетектеген адамга жана анын тизмесиндеги мүчөлөргө карайт болуш керек.

СУРОО: Шайлоого чейин же андан кийин тополоң чыгып кетпейт деп ким кепил боло алат?

ЖООП: Июнь айындагы коогадан кийин айрыкча түштүктө кырдаал курч бойдон калат деп болжолдоого болот. Өзбектер да, кыргыздар да парламентке өз улутташтарынын өтүшүнө, демек парламент бекиткен өкмөттө да өз улутташынын отурушуна кызыкдар болоорун боолголой алабыз.

СУРОО: Талапкерлерди каттоо ишинде кандай тоскоолдуктар чыгышы мүмкүн?

ЖООП: Мурдагы шайлоолордо таанымал адамдарды, анын ичинде азыркы президент Роза Отунбаеваны каттоодон өткөрбөй же өткөндөн кийин тизмеден чыгарып салган учурлар болгон. Кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн парламентке талаптанышы да карама-каршылыкты жаратканы маалым. 2006-жылы да Рысбек Акматовдун депутат болом дегени буга мисал.

Негизги кыйынчылыктарды шайлоо өткөндөн кийин күтүүгө болот. Утулуп калган тараптар шайлоодогу эреже бузууларды айыптайт. Отунбаеванын өкмөтү жаңы келгендиктен, мындай айыптоолордон алыс болушу мүмкүн, бирок парламентке бардык каалагандар өтө албайт жана сыртта калгандар эң кеминде дароо эле өкмөткө каршы оппозицияга бириге баштаарын күтүүгө болот.

XS
SM
MD
LG