Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Чочконун сасык тумоосунун глобалдык эпидемиясы аяктады деп жарыяланды


Бул тууралуу кечээ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Маргарет Чан билдирди. Сасык тумоонун H1N1 бир деген вирусунун пандемиясы жөнүндө бир жыл мурда ал алгач Мексикада, андан соң баш бир катар өлкөлөрдө катталган соң жарыяланган. Бир катар мамлекеттерде вирустун тарашына байланыштуу күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлгөн болчу. Женевадагы басма сөз жыйында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчилеринин бири Кейджи Фукуда кырдаалга такай байкоо салып турууну токтотпоо зарылдыгын белгиледи:

-Пандемия аяктаганына карабай, биз өлкөлөргө кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү токтотпоону сунуш кылабыз. Анткени илдет күтүүсүздөн кайрадан чыгып кетүүсү мүмкүн. Ушундан улам алдын алуу чараларын, эмдөөнү сактоо зарыл.

Саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, чочконун сасык тумоосунун вирусунан дүйнөдө 18 миңдей адам көз жумган.

XS
SM
MD
LG