Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Т.Гфеллер: АКШнын Кыргызстанда аскерий база ачуу планы жок


Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында билдирди. Элчи айым АКШнын Кыргызстан жана жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүндө жаңы аскерий база ачуу планы жок экенин кабарлады. Т.Гфеллер Кыргыз бийлиги менен баңгизат соодасына каршы күрөшүү боюнча кыргызстандык кызматкерлерди окутуу үчүн борбор ачуу гана сүйлөшүлгөнүн ачыктады.

Айрым маалымат булактары АКШ Кыргызстандын Ош шаарында наркы 10 млн. долларды түзгөн аскердик база курууну пландаштырып жаткандыгын жазып чыккан. Маалыматка ылайык, база “Ош полигону” деп аталып, ал бир катар объектилерден туруп, анын ичинде аскерлер үчүн казармалар жана офицерлер үчүн жатаканалар каралганы айтылган.

Кыргызстандын коопсуздук кызматынын катчысы Алик Орозов да АКШ менен мындай сүйлөшүү болбогонун “Азаттыкка” мурдарак билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG