Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Соңку окуялардын мигранттарга тийгизген таасири талкууланат


Бишкекте 12-14-август күндөрү апрель жана июнь айындагы окуялардын эмгек мигранттарына тийгизген таасирин талкуулаган жыйын өтөт. Жыйынды Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясы “Биек Карго” компаниясынын колдоосу менен өткөрмөкчү. Анда миграциялык процесстер жана эмгек мигранттардын абалы, ошондой эле Бажы биримдигинин Кыргызстанга тийгизген таасири талкууланат. Мындан сырткары улуттук диаспораларынын жана мигранттардын Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүүдөгү ролу каралат. Ага Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана адистер катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG