Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

А.Бекназаров вице-премьер-министр болуп дайындалганын билдирди


Ал укук коргоо иштери боюнча президент Роза Отунбаевага жардам берет. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, кыйын кырдаалда парламенттик шайлоого барбай, ыңкылаптын максаттарына жетүүнү жана укук коргоо органдарынын иштерин көзөмөлдөө үчүн техникалык өкмөттүн курамында калуу чечимине келген.

“Бул менин патриоттук милдетим. Убактылуу өкмөттүн көптөгөн маселелери толугу менен чечиле элек. Экинчиден, мен таза жана адилеттүү шайлоону өткөрүүгө өкмөттө калып жатам», - деди А.Бекназаров.

Ал мурдагы президент Аскар Акаевдин кол тийбестик макамын алууга Убактылуу өкмөттүн тогуз мүчөсү макул болгонун айтты. Алардан Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова жана Темир Сариев каршы болуп жатканын, ал эми Роза Отунбаева менен Эмилбек Каптагаев буга макулдугун бериши мүмкүндүгүн кошумчалады. Ошондой эле ал ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киргизилишине каршы экенин, алар кырдаалды курчутуп, бир жактуу чечим чыгарып коюшу ыктымалдыгын белгиледи.

Ал эми президенттин басма сөз кызматы А.Бекназаровдун дайындалышы боюнча расмий маалымат жок экенин кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG