Татарстандын расмий бийлиги быйылкы жайдагы катуу кургакчалык 2009-жылдагыга салыштырганда эгин түшүмүн кескин азайткандыгын билдирди. Татарстандын айыл чарба министри бу жылы болгону 668 миң тонна түшүм алынаары күтүлүп жаткандыгын, былтыр болсо 4 жарым миллион тонна түшүм алынгандыгын айтты. Татар бийлиги кургакчылыкка карабастан бир миллион тоннага чукул түшүм алууну болжоп жатышкан. Орусиянын премьер-министри В.Путин дүйшөмбүдө өкмөт башка өлкөлөргө буудай чыгарбай тургандыгын маалымдаган. Путин бул жылы Орусиядагы буудайдын түшүмү 60-65 миллион тонна болжолдонуп жаткандыгын айтты. Өткөн жылы Орусия 97 миллион тонна буудай алган.