Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Орусия Абхазияга абадан коргоочу ракеталарын жайгаштырды


Бул тууралуу Орусиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы, генерал Александр Зелин билдирди. Орус генералынын айтымында, Абхазияга абадан коргонуу боюнча S 300 ракеталык системасы жайгаштырылган жана ал Абхазия менен катар Түштүк Осетиянын аймагын да коргойт. Грузин тарап Орусиянын кадамын сынга алды. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Давид Жалагония кабарчылар менен маегинде буларды белгиледи:

- Аскерий тармактагы эң коркунучтуу жана эң акыркы үлгүдөгү S 300 ракеталык системасынын жайгаштырылуусу - опурталдуу жана чагымчыл кадам. Биз цивилизациялуу дүйнөгө буга көңүл бурууну өтүнүп кайрылдык.

Ал эми Абхазиянын премьер-министри Сергей Шамба S 300 комплексинин жайгаштырылуусу коргонуу максатын көздөрүн гана белгиледи. Орусия Абхазия менен Түштүк Осетияны 2008-жылдын августунда Грузия менен болгон кыска согуштан кийин көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган. Грузия болсо аларды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт.

XS
SM
MD
LG