Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин билдиришинче, учурда 11 үйдүн курулушу башталды. Турак-жай курулуштарына жумшала турган каражаттардын 35 пайызы дирекциянын, 35 пайызы эл аралык донорлордун, 20 пайызы жергиликтүү боюджеттин эсебинен бөлүнөт. Жалпы чыгымдын 10 пайызын үй ээси өзү төлөйт.
Буга чейин Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү башкы дирекциясынын жергиликтүү бөлүмү жапа чеккен үйлөрдүн абалын текшерип, алардын саны облуста 400дөн ашаарын билдирген. (AzK)
Буга чейин Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү башкы дирекциясынын жергиликтүү бөлүмү жапа чеккен үйлөрдүн абалын текшерип, алардын саны облуста 400дөн ашаарын билдирген. (AzK)