Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

Орусия Курск атом кемесинин курмандыктарынын 10 жылдыгын эскерүүдө

2000-жылы Баренц деңизинде орустардын эң алдыңкы суу алдында жүрчү атомдук кемесинде эки жолу жарылуу болуп, 118 адамдан турган толук курамдын өмүрүн алган. Адамдардын сөөктөрү 2001-жылы кеменин калдыктарынан алынып чыгарылган. Кырсыкты иликтөөчүлөр жарылуу кеменин торпедосунан аккан ракеталык күйүүчү заттан пайда болгон деген тыянакты беришкен. Бүгүн эскерүү иш-чаралары Курск атомдук кемеси жайгашкан Орусиянын түндүгүндөгү Видяево деңиз флотунда жана дагы бир катар аскердик деңиз портторунда өткөрүлдү.
XS
SM
MD
LG