Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Апрель-июнь окуяларынан кийин миграциянын агымы эки эсе көбөйдү


Бул туурасында Орусия жана Казакстандагы кыргыздардын диаспораларын бириктирген “Замандаш” ассоциациясынын жыйынында айтылды. “Кыргызстандагы акыркы окуялар мигранттарга терс таасирин тийгизди. Азыр өлкөдөн жаштар, анын ичинде өзбек улутундагы жарандар көп кетүүдө. Орусияда кээ бир шаарларда кыргыз-өзбек жарандарынын ортосунда араздашуулар болду”, - деди “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов.

Жыйында мындан тышкары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдөгү мигранттардын жардамы, Бажы биримдигинин Кыргызстанга тийгизген таасири талкууга алынды. Иш чарага Орусия менен Казакстандан тышкары биринчи жолу кыргыз мигранттары иштеп жүргөн АКШ, Италия, Чехия, Польша, Түркия өңдүү өлкөлөрдүн да өкүлдөрү катышты.(AzK)

XS
SM
MD
LG