Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Эл аралык жаштар жылы башталды


Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы былтыр 18-декабрда атайын резолюция кабыл алып, 12-августтан тарта Эл аралык жаштар жылы башталарын жарыя кылган. Буга байланыштуу БУУга мүчө өлкөлөрдүн баары 2010-жылдын 12-августунан 2011-жылдын 11-августуна чейин жаштар жылын өткөрүшөт.

Эл аралык жаштар жылынын башталышына байланыштуу кечээ Бишкекте эл аралык уюмдар, мамлекеттик жетекчилер, жарандык коомчулуктун катышуусунда жыйын өтүп, жаштар саясаты талкууланды.

Кыргызстанда 7-апрелден кийин Жаштар иштери боюнча министрлик түзүлүп, буга чейин этибарга алынбай келген жаштарга көңүл бурулары айтылган. Бирок ага удаалаш коомчулукта Жаштар иштери боюнча министрликтин кереги жоктугун айткандар да чыгууда. Маселен, “7-апрель” кыймылы турмуштук тажрыйбасы жок жаштарды ашкере эркелете берүүгө болбосун айтып келатат.

Кыргызстандын калкынын жарымынан ашыгын 25 жашка чыга электер, 32 пайызга жакынын 15 жаштан 32 жашка чейинкилер түзөт. Өлкөнүн 25 жашка чейинки жаштары СССРдин акыркы жана көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында туулгандар. (IJz)

XS
SM
MD
LG