Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун курамы аныкталууда


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун курамынын басымдуу бөлүгүн Орусия, Түркия жана Сербиянын адистери түзүүдө. Бул топко Орусиядан 7, Түркиядан 15, Сербиядан 10, Латвиядан 1, Швециядан 1, Болгариядан 1, Финляндиядан 2, Словакиядан 3 өкүлдү киргизүү пландалып жатат. Мындан тышкары ЕККУнун туруктуу кеңеши полициялык топтун 3 миллион 775 миң евро көлөмдөгү бюджетин жактырды. АКШ 1 миллион доллар өлчөмүндөгү төлөмдү которуу ниетин билдирди. Финляндия 120 евро каражат бөлмөй болду. Алдын ала маалыматтарга караганда Түркия 100 миң еврө бөлүүнү карап жатат. Акыркы жумаларда ЕККУнун полициясын жайгаштырууга каршы Кыргызстанда бир канча нааразылык акциялары өттү. (AzK )

XS
SM
MD
LG