Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

АКШ Коргоо министри Конгресстин Ооганстан боюнча аракетин сындады


Роберт Гейтс Конгрессти Ооганстанга жарандык жардам көргөзүү маселесине мамилесин өзгөртүүгө чакырды. Ал Сан – Францискодо сүйлөгөн учурунда Мамлекеттик департаментке аскерий зонада иштөө берилген ресурс талапка абдан эле ылайыксыз жана бул бир жагынан Конгресске байланыштуу экенин белгиледи. АКШ коргоо министри кошумчалагандай, когрессмендер келерки жылдын жалпы бюджетин 550 миллиард доллар өлчөмүндө бекитти. Бирок Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон сураган 50 миллиард долларды бир нече миллиардга кыскартты. Роберт Гейтстин айтымында, азыр Ооганстанда Мамлекеттик департаменттин жана АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин ( USAID) бир миңдей кызматкери бар жана ооган маселесинде дипломатиялык аракеттерге көбүрөөк көңүл буруу абдан маанилүү.

XS
SM
MD
LG