Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

“Акыйкатчы” гезитинин нускасы көбөйөт


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, Акыйкатчы институту АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Кичи гранттар боюнча демократиялык комиссиясынан 12 миң доллар грант утуп алды. Эми бул каражат Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын иш тартибин жакшыртууга жумшалат. Буга чейин алардын чыгарган “Акыйкатчы” гезити айына миң нуска менен бир гана жолу гана басылып келген. Мындан ары аталган гезит айына эки жолу беш миң нускада чыгарылып турат. Анда Кыргызстандын жарандары ар кандай кырдаалдарда өз укуктары тууралуу маалымат ала алышат. "Акыйкатчы" гезити 2003-жылдан бери жарыкка чыгып келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG