Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Анкарада полиция штабынынын жанынан бомба табылды


"Анадолу" жаңылыктар агенттигинин билдиришинче, желим баштыкка салынган бомбаны кимдир бирөө шаардын Искитлер районундагы полициянын атайынын күчтөрүнүн штабынын жанына калтырып кеткен. Си-Ен-Ен-Түрк телеканалы адистер 365 килолук бомбаны иштен чыгарганын маалымдады.

Буга дейре Түркиянын бийликтери Анкарада жана башка чоң шаарда болгон бомба чабуулдары үчүн ислам экстремисттерин жана күрт жикчилерин күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG