Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:53

Экс-президент Акаев кол тийбестик укугунан ажыратылды


Убактылуу өкмөттүн декретинде Акаев тушунда үй-бүлөлүк башкаруу түптөлүп, Курманбек Бакиев кезинде дагы өнүккөнү; Акаев Конституцияны бузуп, бийликти узурпациялоого аракет жасаганы; Кытай жана Казакстанга жер берип, оор кылмыш жасаганы, бийликке таянып Кыргызстандын табигый байлыктарын өзү каалагандай башкарганы, Аксыдагы тынч демонстрацияга ок атылганы белгиленген. Башкы прокуратурага Аскар Акаевди Россиядан алып келип, жоопко тартуу жүктөлгөн.

2005-жылкы март окуяларынан кийин Аскар Акаевге каршы кылмыш иштери ачылып, бирок кол тийбестик макамы экс-президентти соттоого мүмкүндүк бербей жаткан.

Аскар Акаев “Эхо Москвы” радиосуна берген интервьюда Кыргыз өкмөтүнүн жарлыгын юридикалык күчү жок “сабатсыз жазылган грамота” деп сыпаттап, убактылуу өкмөттү “хунта” деп атаганын Россиянын “Газета.Ру” сайты кабарлады.

XS
SM
MD
LG