Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

А. Акаев: Мага эч ким күнөө койгон эмес, декретке негиз жок


Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Убактылуу өкмөттүн ага карата кол тийбестик макамын алуу боюнча декрети тууралуу “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысына берген маегинде билдирди. "Бул декрет өзү мыйзамсыз, Конституцияга карама-каршы документ. Ошондуктан анын эч кандай күчү жок. Баш мыйзамда “мурдагы президентти күнөөлөгөнгө бир гана Жогорку Кеңештин укугу бар” деп жазылган. Ал эми Кыргызстанда болсо азыр Жогорку Кеңеш шайлана элек. Муну атын чыгаруу ниетинде кабыл алынган саясий документ деп эсептейм”, - деп билдирген Аскар Акаев. Ошондой эле ал аны эч ким күнөөлөбөгөнүн айтып, кол тийбестикти алуу боюнча декрет Баш мыйзамга карама-каршы келерин айткан.

Убактылуу өкмөт кечээ, 13-августта Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан декрет кабыл алып, ага Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева кол койгонун жарыя кылды. Анда Аскар Акаев бийликте турганда элге каршы ок атууга жол бергени, жер сатканы жана мыйзамдуулуктан аша чаап, үй-бүлөлүк бийлик орноткону кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгону айтылат. Ал эми Башкы прокуратурага Аскар Акаевди Орусиядан Кыргызстанга алып келүү жана жоопко тартуу милдети жүктөлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG