Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Бишкекте комузчулардын “Тогуз кайрык” телесынагы өткөрүлөт

Мураталы Күреңкеевдин 150, Атай Огонбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын “Тогуз кайрык” сынагы 15-августта башталып 18-августка чейин созулат. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан таңдалып алынган 60-70тей комузчулар катышат.
Долбоордун жетекчиси Айза Ибраимованын “Азаттыкка” билдиргениндей, бул сынак комузчулук өнөрдү өнүктүрүүгө жана учурдагы жеңил-желпи музыкаларды ооздуктоого багытталган. Сынактын жеңүүчүлөрүнө болсо 2 баш байге жана 10 номинация боюнча белектер ыйгарылат. (KKs)
XS
SM
MD
LG