Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

“Алтайдан – Ала-Тоого Манастын жолу менен” жүрүшү кыйынчылыктар менен өтүүдө


Бул кабарды жүрүштүн мүчөлөрү менен байланышкан тарыхчы, журналист Арслан Койчиев бүгүн “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында кырк жигиттен турган жүрүштүн катышуучуларын Алтай чек ара кызматы өткөрбөй коюп, бир күн чек арада күтүүгө аргасыз болушкан. Горно-Алтайск шаарындагы аянтта боз үй тигип, маданий иш-чараларды расмий өткөрүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бербей койгон. Ошондой эле Кыргызстанга алынып келине турган аттардын атайын ветеринардык уруксат кагазын алуу маселеси машакат жаратууда. Натыйжада Кыргызстандан кырк жигиттин артынан жөнөй турган атайын топ Алтайга барбай калды.

Эл ичиндеги ынтымакты чыңдоо максатын көздөгөн бул жүрүш Бишкекте 9-августта башталган. Кыргызстандагы кырк уруудан тандалып алынган өкүлдөрдү алтайлык Акай Кине тосуп алмак. Жүрүштүн катышуучулары жана аларды коштогон тарыхчы, илимпоз, маданий ишмерлер Алтайдан Кыргызстанды көздөй А.Кине даярдаган кырк ат менен жүрүшкө чыгары жарыяланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG