Мураталы Күреңкеевдин 150, Атай Огонбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын “Тогуз кайрык” телесынагынын экинчи туру бүгүн Бишкектеги "Дасмия" комплексинде башталды. Ага Кыргызстандын аймактарынан келген 60 комузчу катышууда. Комузчулук өнөр боюнча ат салышып жаткан катышуучуларды Муратбек Бегалиев башында турган калыстар тобу сындан өткөрүшөт.
Долбоордун жетекчиси Айза Ибраимованын “Азаттыкка” билдиргениндей, комузчулук өнөрдү өнүктүрүүгө багытталган бул сынактын байге фондусу 500 миң сомду түзөт. “Тогуз кайрык” телесынагынын биринчи туру катышуучуларды тандап алуу туру катары өлкөнүн аймактарында өткөн. Сынак 18-августка чейин созулуп, 23-августтан тарта УТРК аркылуу көрсөтүлө баштайт. (KKs)