Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Сингапурдагы жаштар олимпиадасында кыргызстандык эки балбан финалга чыкты


Сингапурда өтүп жаткан биринчи жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Урмат Аматов жана Шадыбек Сулайманов финалга чыгышты. Финалда Урмат Аматов алтын медаль, Шадыбек Сулайманов болсо коло медаль үчүн күч сынашат. Бул туурасында Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макешов “Азаттыкка” билдирди.

14-августта башталган олимпиадага Кыргызстандын атынан 8 жаш күрөшчү катышып жатат. Спорттун 29 түрү боюнча олимпиадалык таймашуулар 26-августка чейин созулат. Олимпиадада эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,5 миңден ашуун спортчулар мөрөй талашмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG