Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Индия премьер министри Пакистанды согушкерлерди жок кылууга чакырды


Индиянын премьер министри Манмохан Сингх эгер Пакистан Индия менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүсү келсе анда өз аймагындагы согушкерлерди жок кылышы керек деп айтты. Мындай билдирүүнү премьер министр Сингх Индия Британиядан 1947-жылы алган көз карансыздыгына арналган кезектеги мааракеде сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал Пакистан өкмөтү өз өлкөсүнүн аймагында Индияга каршы террорчулук аракеттерди уюштурууга жол бербеши керектигин айтып, эгер андай болбосо Пакистан менен Индиянын ортосунда диалогго эч кандай шарт жоктугун кошумчалады. Индия Пакистан менен алакаларын 2008-жылы 166 киши өлгөн Мумбайдагы террактан кийин токтотуп, буга Пакистанда жайгашкан исламисттик Лашкар-э-Талиба уюмун күнөөлөп келет. Мындан мурун эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экендиги айтылган. 1947-жылы бул субконтинент Британиядан өз алдынча бөлүнгөндөн бери эки өлкө ортосунда үч согуш болуп өттү.

XS
SM
MD
LG