Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:35

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пакистанда


Бүгүн Баш катчы Бан ки Мун Пакситандагы суу каптаган аймактарда болуп, ал жерлердеги миллиондогон үй жайсыз калгандарды тамак-аш жана убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууну карап чыгат.
Исламабаддагы аба аскерий базада журналисттерге баш катчы Бан ки Мун Пакистан калкы жаратылыш апаатына кептелип туганда дүйнө эли алар менен бирге экендигин айтты.
Пакистандын премьер министри Юсуф Гилани өлкө калкыныныы 10% ашыгы быйылкы селден жапа чеккендигин сыналгы аркылуу кайрылууда «Жаратылыш кырсыгы өтө чоң жоготууга алып келди, 20 миллонго чукул киши жабыр тартты. Өкмөттүн болгон аракетине карабастан биз берген жардам жетишсиз экендиги көрүнүүдө», айтты. Пакистан ишембиде көз карансыздык күнүнө арналган салтанатты майрамдаган жок.Улуттар Уюмунун өкүлү түндүк батыш Свот өрөөнүндө холера дартына чалдыккан бир адам өлгөндүгүн жана сел каптаган башка аймактарга дарттын жайылып кетүү коркунучун эскертти.

XS
SM
MD
LG