Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Шайлоого катышуу ниетин БШКга 57 партия билдирди


Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” билдирди. Акыркы партия кечки саат 22:40 мүнөт өткөндө катталган. БШК учурда бул партиялардын тизмелерин күтүүдө. Ошондой эле партиялар шайлоого катышуу алдында күрөөгө 500 миң сом каражатын төлөшү керек.
Андан соң партиялар өз талапкерлерин көрсөтүү боюнча курултайларды өткөрүүсү керек. Бул тартип шайлоо мөөнөтү белгиленген күндөн тарта шайлоо башталганга 45 календардык күн калганга дейре улантылат. БШК каттоо жүргүзүүдө Адилет министрлигинде каттоодон өткөн 148 саясий партиянын тизмесин жетекчиликке алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG