Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Жалал-Абад шаары боюнча 18 кылмыш иши сотко өттү


Бул туурасында Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов бүгүн апрель, май, июнь айларындагы окуяларга байланыштуу жүргүзүлгөн иш чаралар боюнча өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад аймагында 12-15-июнга чейин адам өлтүрүү, улуттар арасындагы жаңжалды козутуу, башаламандыктарды уюштуруу жана курал-жарак, ок-дарыларды уурдоо сыяктуу өто оор жана оор кылмыштар катталган. Ушул аралыкта 69 киши каза болсо, алардын теңинен көбү октон мерт болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 574 киши жабырланып, 600гө чукул кыймылсыз мүлк талкаланып, өрттөлгөнү аныкталды. Атайын ыкчам иштердин натыйжасында 30 даана курал-жарак, 98 ар түрдүү калибрдеги ок-дары алынган. Окуяларга байланыштуу кылмышка шектүү катары 74 адам кармалып, 63ү камакка алынган. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG