Өлкө башчынын буйругу менен Молдобазар Эркебаев Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары, Фурхат Үсөнов Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары, ИИМдин Ош облустук башкы башкармалыгынын начальниги кызматына бекитилди. Ал эми ушундай эле буйрук менен Жылдыз Турусбекова мамлекеттик “Кабар” агенттигинин жетекчи орун басары, Кадырали Кошалиев УТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)