Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Жалал-Абадда эл аралык полициянын милдетин эл туура кабыл алат деген үмүт бар


Бул туурасында кечээ Жалал-Абад облусунун вице-мэри Абдымалик Элеманов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана К. Гфэллэр менен жолугуу учурунда билдирди. Анын айтымында учурда ЕККУнун полициялык кеңешчи тобу туурасында элдин пикири ар түрдүү болуп жатат. Бирок алардын кеңеш берип гана иш алпара тургандыгын элге туура жеткирсе, эл түшүнүп, туура кабыл алат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин ЕККУнун Кыргызстанга келе турган полициялык кеңешчи тобу куралып бүтүп калганын кабарлаган. Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанга келчү полициялык кеңешчи топко Түркия 15 чамалуу өкүлүн, Сербия 10, Орусия 7, Латвия 3, Болгария 3, Словакия 3, Финляндия 2, Литва менен Швеция бирден өкүлдөрүн жиберишерин билдиришкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG