Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Тажикстандын түштүгүндө буудай менен картөшкө экспортуна тыюу салынды


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматынын билдиргенине караганда, түштүктөгү Хатлон облусунун бийликтери Ооганстан менен Өзбекстанга 2011-жылдын жазына чейин буудай менен картөшкө сатууга тыюу салышты. Мындай чара Орусиянын буудай экспортуна тыюу салуу боюнча Тажикстанга да таасирин тийгизген чечимине байланыштуу көрүлүүдө. Ооганстан менен Өзбекстанга Тажикстандан буудай менен картөшкө Хатлон облусу аркылуу экспорттолот. Облустун айыл – чарба департаментинин башчысы Тоджиддин Содиковдун айтымында, былтыр тажик дыйкандары бир миллион тонна дан өндүрүшкөн. Бул өлкөнүн жылдык керектөөсүнүн 60%ы. Быйыл эгиндин дүң жыйымы былтыркыдан аз болору күтүлүүдө жана буудайдын баасы азыр Тажикстанда да былтыркыдан кымбат.

XS
SM
MD
LG